Арстан Алай: дүйнөнү каптаган коронавирусту кыргыз гана жок кылат
Өзүн кудаймын деп тааныштырган Арстан Алай бүгүн,3-мартта, маалымат жыйын өткөрүп кыргыз калкы ааламдагы өзгөчө ролду аткаруу үчүн жаралганын айтып, рак илдети сыяктуу айыкпас дарттар кайдан чыгарын айтып берди.
“Адамдын гени жетилгенде ал ааламдын кызматын аткарып кетпесе адамдын анатомиясында уулуу зат бөлүнүп чыгып, рак деген оору пайда болуп жатат. Аны медицина айыктыра албайт, себебин дагы билбейт”, — деди ал.
Арстан Алай жер шарын каптаган ушундай оору-сыркоодон анан ичинде коронавирустан кыргыз гана куткара турганын баса белгиледи.
“Ушундай көйгөйдөн бир гана кыргыз куткарат. Эмнеге деп ойлосоңуздар 21-кылымда адам акылы менен ойлоп тапкан мыйзам, техника, медицина ажал азап болуп, теңирдин мыйзамы ынак болот. Дүйнө эли эң биринчи адамдын гени жетилгенин жана ааламдын ролун аткарышы керектигин түшүнүшү керек. Эгер аны аткара албаса вирус ичтен чыгат. Ар бир улуттун миссиясы болот. Кыргыз ааламдан келген өкүл. Кыргыздын улуулугун билиш керек, башкалар кыргызды улут катары өздөрүнө салыштырбаш керек. Анткени улуу күчтүн ролун кыргыз гана аткара алат”, — дейт ал.
Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан 3 миңден ашык киши каза болуп, 91 миңден ашыгына жукканы ырасталды.
Добавить комментарий ×