Аркадий Дубнов:Талибдер өздөрүн бутуна атпайт

16 август 2021 14:49 1573 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү саясат таануучу, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов Афганистандагы жагдай боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ЖМК булактарына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Ал ошондой эле бул окуялар Борбор Азиянын өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн канчалык кооптуу экени тууралуу суроого жооп берди.

“Биз бул тууралуу бир нече ирет айтып келди. Талибдер өздөрүн өздөрү өлтүрбөйт, алар өздөрүн бутуна атпайт. Алар Афганистанды башкарууга мүмкүндүк берип жатышканын түшүнүп турушат, алар өздөрүнүн тартиптерин киргизет, бирок бул Афганистандын курчап турган өлкөлөргө коркунуч келбегенде гана мүмкүн экенин билип турушат. “Талибандын” 27 жылдык тарыхында Афганистандын чегинен тышкары талибердин катышуусу менен бир дагы экстремизм, терроризм учурлары катталган эмес”,-деп айтты саясат таануучу.

Эскерте кетсек радикалдуу “Талибан” кыймылы кечээ Афганистанда толук үстөмдүгүн орнотуп, президент Ашраф Гани өлкөнүн аймагынан чыгып кетти.

Ссылка: https://barometr.kg/arkadij-dubnovtalibder-zdrn-butuna-atpajt



Добавить комментарий