Арча-Бешиктеги үйлөрдүн биринен киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды
Бишкектин милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектелген жаранды кармашты.
Ленин РИИБдин маалыматы боюнча, аларга Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринен кишинин сөөгү табылганы боюнча маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жаран киши колдуу болгонун аныкташкан.
Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, сотко чейин тергөө амалдары башталды.
Текшерүү учурунда маркум 1977-жылы туулган О.Н. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Андан сырткары милициянын ыкчам кызматынын өкүлдөрү шектүүнүн сары изине түшүп, Бишкек шаарынан шектүү катары 1986-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранды кармашкан.
Учурда ал №1 СИЗОго киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/archa-beshiktegi-jlrdn-birinen-kishi-kolduu-bolgon-adamdyn-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×