Арабиялык журналистти мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман "өлтүрткөн" деген документ ачыкталды

19 февраль 2021 12:14 2079 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШ оппозициячыл арабиялык журналист Джамаля Хашукджинин өлтүрүлүшү боюнча отчетун кийинки жумада жарыялайт. Бул тууралуу Washington Post гезитине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Гезиттин билдиргенине караганда, отчет АКШнын улуттук чалгындоо директорунун кеңсеси тарабынан жарыяланат. Анда, документ журналистти өлтүрүүгө мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман "буйрутма берген" деген бүтүмгө келе тургандыгын алдын ала маалымдалат.

2019-жылдын башында Конгресс администрацияга отчет жарыялоого буйрук берген, бирок президент Дональд Трамп бул талапты этибарга алган эмес. Гезит алдыдагы резонанстуу жарыяны Жо Байдендин шайлоо алдындагы ачык-айкындуулук убадалары менен байланыштырат.

Басылманын айтымында, отчетту жарыялоо АКШ менен Сауд Арабиянын ортосундагы мамилелердин начарлашына алып келет.

Эске сала кетсек, Жамал Хашукджи 2018-жылы октябрда Стамбулда Сауд Арабиясынын консулдугунда өлтүрүлгөн. Башында, Сауд Аравиясынын бийликтери анын консулдуктун имаратында жоголгонун четке кагышкан, бирок видео жана аудио жазуулар пайда болгондон кийин Хашукджи "консулдук кызматкерлери менен болгон уруштун натыйжасында" өлтүрүлгөнүн мойнуна алууга аргасыз болушкан. Түрк полициясы журналисттин сөөгүн таба албай коюшкан.

Араб маалымат каражаттары Сауд Арабия бийлигинин иш-аракеттерин сынга алган Хашукджини өлтүрүү буйругун мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман бериши мүмкүн деген версияларды сунушташты. Бирок, Падышалыктын Тышкы иштер министрлиги мураскер принцтин бул кылмышка эч кандай тиешеси жок деп бир нече жолу билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/arabiyalyk-zhurnalistti-murasker-hanzaada-muhammed-bin-salman-bujrutma-menen-ltrtkn-degen-dokument-achyktaldy



Добавить комментарий