"Апа Айзадасыз жашай албайм". Кызды ала качып кеткен жигиттин акыркы билдирүүсү

8 апрель 2021 15:04 2921 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айзада Канатбекованы ала качып барып, муунтуп өлтүргөн Замир Теңизбаевдин акыркы жолу ватсаптан апасына жөткөн билдирүүсү интернетке жарыяланды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Анда, жигит апасынан кечирим сурап, Айзаданы катуу сүйүп, кыздын айтканына көнүп келгенин, эми мындан ары күтө албастыгын айткан.

“Апа мендей уулуңузду кечириңизчи? Мен Айзаданы катуу сүйдүм. Ал менин эки жолу сунушумду четке кагып, күт деп келген. Эми, мен мындан ары күтө албайм. Ал мени алдап жатат. Кайдагы шылтоолорду айтып, дагы күт деп жанымда олтурат.

Баарын башынан баштап, жаңы жашайлы десем да болбоду. Мен Айзадасыз жашай албайм. Мени акыркы жолу угуп жатасыздар апа.

Апа сиз менин жүрөгүмдөсүз, кечирип коюңуздарчы”, - деп айтылат аудио билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 5-апрель күнү Бишкектин Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен кызды ала качып кетишти деген видео интернетке тараган. Окуядан эки күн өткөндөн кийин, ала качып кетти деп изделип жаткан Айзада Канатбекованын жансыз денеси табылган. Кызды ала качып кеткен Замир Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, анан, өзүн бычак менен сайып өлтүргөнү кабарланган

Ссылка: https://barometr.kg/apa-meni-kechirip-koyuuuzchu-men-ajzadasyz-zhashaj-albajm-kyzdy-ala-kachyp-ketken-balanyn-apasyna-zhntkn-akyrky-bildirs



Добавить комментарий