Анжелина Жоли психикалык оору менен ооруп бейтапканага жатып калды

14 август 2018 00:00 2162 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Мегажылдыз Анжелина Жоли психикалык оору менен ооруп бейтапканага жатып калды. Бул туурасында Life.ru маалымат агенттиги The Hollywood Life шилтемеси менен билдирди. Маалыматта айтылгандай учурда "Малифисента-2" кинотасмасын тартуу иштери жүрүп жаткан. Актрисанын ооруканага жатып калгандыгына байланыштуу тартуу иштери убактылуу токтотулду. Америкалык басылмалардын билдиргенине караганда актриса  ашыкча салмак кошуп жаткандыгы үчүн капаланган. Бирок, Анжелина 170см бою менен 44 килограмм салмакты алып жүрөт. 

Маалыматка ылайык, актрисанын дарылануусу эки жумага созулат. 


Ссылка: https://barometr.kg/anzhelina-zholi-psihikalyk-ooru-menen-oorup-bejtapkanaga-zhatyp-kaldy



Добавить комментарий