Анжелина Джолли менен Брэд Питт узакка созулган ажырашуудан кийин кайра элдешти

24 май 2019 11:19 2894 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Голливуддун эң сулуу жана эң белгилүү түгөйлөрү Анжелина Джоли менен Брэд Питт узак айрылуудан кийин кайра элдешти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына актриса менен актёрдун ишенимдүү булактары билдиришти.

Дүйнөгө таанымал болууга жетишкен жылдыздуу түгөйлөр баш кошкон кошкондон кийин 10 жыл бирге жашашкан, алардын ортосунда өздөрүнөн төрөлгөн 3 жана багып алган 3 баласы бар. Түгөйлөрдүн ортосунда пикир келишпестиктер көпкө улангандан кийин алар эки бөлөк жол менен кетүүнү туура көрүшкөн.

Узакка созулган сот иштери аяктап алардын никеси мыйзамдуу түрдө жокко чыгарылган.

Бирок 6 баланын ата-энеси болгон жылдыздуу тугөйлөр бири-бирин унута албаганын түшүнүп жетишип, балдары үчүн дагы элдешүүнү туура көрүшкөн.

“Алар экөө да баарын түшүнүп жетишти. Эми драмалар болбойт. Бардык бороондор токтоду. Алар азыр биринчи кезекте балдарын ойлоп жатышат”, -деп кошумчалаган булак.

Белгилей кетсек Анжелина өзүнүн мурасынын басымдуу бөлүгүн багып алган туң уулуна ыйгарган. Ал жаш болгонуна карабай кино тартууга кызыгат. Актрисанын Питт менен болгон ажырашуу чечимин да дал ошол баласы колдоого алган.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelina-dzholli-menen-bred-pitt-uzakka-sozulgan-azhyrashuudan-kijin-kajra-eldeshti



Добавить комментарий