Анжелика: "Вирус жуктурбай эле уу сөздөрдөн жүрөк жарылмай болду"

29 июль 2020 10:07 2919 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Өлкөдөгү коронавирус пандемиясынан жаралган оор кырдаалда бири-бирибизди жемелебей сабырдуу, ынтымактуу жана мээримдүү бололу", - дейт ырчы Анжелика.  Бул тууралуу ырчы айымдын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ырчы, алып баруучу Анжелика Кайратова өлкөдөгү коронавирус пандемиясынан жаралган оор кырдаалда бирин-бири жемелөөнүн ордуна, сабырдуу, ынтымактуу жана мээримдүү болууга үндөдү.

«Ынтымактуу, мээримдүү, сабырдуу болобуз. Биз канчалык бири-бирибизди жемелей берсек, ошончо кыйналып жашайбыз. Кудай берүүчү, жакшы сөз айтып, бирөөгө зыян кылбаган пендесин сүйөт. Эмне болуп жатабыз? Сөзсүз адамды өлгөндө эле мактайбызбы? Иии жакшы болчу деп? Деги, пайдалуу бололу бири-бирибизге. Кармагыла өзүнөрдү! Жасабаса- жаман, тур, жаса дейсинер. Жасаса- жасалма, калп эле, тажаттың - дейсинер. Башка баракчалардагы пикирлерге баш багып, жакамды эмес, жүрөгүмдү кармап жатам. Эмнеге мыкаачы болот кээ бирлер? Вирус жуктурбай эле - уу сөздөрдөн жүрөк жарылмай болду го», - деп жазган Анжелика.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-virus-zhukturbai-ele-uu-szdrdn-zhrk-zharylmai-boldu



Добавить комментарий