Анжелика Түркияда “Мода жумалыгына” катышып жаткан кыргызстандыктарды колдоп барды

30 сентябрь 2020 11:23 1133 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын белгилүү визажисти Айдана Шамшидинова жана дизайнер Арзубек Аманов Түркияда өтүп жаткан “Fashionweek 2021” сынагына катышып жатышат. Бул тууралуу алардын соцтармакка калтырган маалыматтарына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Түркиянын Каппадокия шаарында өтүп жаткан мода жумалыгына Кыргызстандын атынан Айдана Шамшидинова жана Арзубек Аманов келишкен.

Белгилей кетсек, Айдана Шамшидинова “studio-aidanstyle” сулуулук салонунун негиздөөчүсү, Кыргызстанда белгилүүлөрдү сулууланткан визажист. Ал эми Арзубек Аманов “VONAMA” мода үйүнүн негиздөөчүсү. Бир катар кыргыз ырчыларынын образдарын жараткан.

Мода дүйнөсүнүн мыктылары Түркияда да өздөрүнүн таланттарын көрсөтүп жатышат.

 Ырчы Анжелика да аларды колдоо максатында мода жумалыгына барды. 

Эске сала кетсек, Анжелика богок оорусунан жабыркап, даарыланууга Түркияга кеткен.





Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-trkiyada-moda-zhumalygyna-katyshyp-zhatkan-kyrgyzstandyktardy-koldop-bardy



Добавить комментарий