Ырчы Анжелика дарыланууга чет өлкөгө кетип жатат

22 сентября 2020 11:58 3939 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика Кайратованын ден-соолугу начарлап, дарыланууга чет өлкөгө кетип жатат. Бул тууралуу ырчынын соц тармактагы баракчасына калтырган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Буюрса, баары жакшы болуш керек! Эртең, даарыланууга алыска кетип жатам. Бирок, 4-октябрдагы шайлоого келип калам. Милдеттүү түрдө өз добушумду, өзүмдүн тандаган партияма берем. Мени азыр ден-соолугум эмес, өлкөбүздүн тагдыры көбүрөөк ойлондуруп жатат. Канчалаган карызга мамлекетибиз дагы батат? Балдарыбыз кантип төлөйт? Биз картайганда кандай колдоо өлкөбүздөн күтөбүз? Эмне деген жашоо күтүп жатат? Англия, Улуу Британия, Япония өлкөлөрү сыяктуу биз премьер-министр же өкмөт башчысы менен жашасак болот беле? Негизи эле 10-15 депутатты тандап жашасак кана. Министрликтердин ар бир тармагы так иштеп, элдин көйгөйүн чечсе жетишмек. Депутаттар эл адамы деп аталып, жаңы закондорду чыгарышат. Анан беш жылда бир элге кайрылып, өкүлдөрү аркылуу кээ бирлерди кыйнап, зордоп, пара сунуштап, бири-бирин жамандап, көчөлөргө беттерин илип аран элге өзүлөрүн таанытышат”, -деди Анжелика. 

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelika-darylanuuga-chet-lkg-ketip-zhatat



Добавить комментарий