Анжелика: Сүйүктүүм экөөбүз үч жылдан кийин гана бири-бирибизди жакшы түшүнө баштадык

4 январь 2021 16:34 17129 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Анжелика Кайратованын сүйүктүүсү үч жылдан бери колун сурап, бирок ырчы кыздын макулдугун ала албай жүргөн. Быйыл жыл жаңыраары менен Анжелика сүйүктүүсү менен турмуш курууга макулдугун берген. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

“Жашоо бактылуу көз ирмемдерден турат.

Баардык кыздар көңүлдү көтөргөн жылуу мамилени, кучак толгон гүлдөрдү жана таттууларды себепсиз эле жакшы көрөбүз. Бул тууралуу жан шеригиңиз менен ачык сүйлөшүүдөн тартынбай, эмне кааласаңыз ачык айтып туруңуз.

Ал эми, биз үч жылдан кийин гана бири-бирибизди түшүнө баштадык. Ал мага тамашалап 5-сунушун “Айга барып киргизем” деди. Бирок, 2-январда биз дээрлик булуттарды аралап жүргөндөй бактылуу болдук.  Мен көшөгө артында калган мындай кадрларды көрсөтөм деп эч ойлогон эмесмин. Айтайын дегеним жашоону бүгүнкүдөй бактылуу жашап өтөлүчү”, - деп жазды ырчы кыз.

Эскерте кетсек, 2-январда ырчы Анжеликанын сүйүктүүсү кучак толо роза гүлүн тартуулап,  Дубайдан анын колун сураган.



Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-sjktm-ekbz-ch-zhyldan-kijin-gana-biri-biribizdi-zhakshy-tshn-bashtadyk



Добавить комментарий