Анжелика: Менин боюмда жок, жалган ушак тараткандарга ишенбеңиздер (видео)
Ырчы Анжелика учурда Турцияда дарыланып жатат. Ырчы буга чейин өзү жөнүндө айтылып жаткан ушактарга жооп кайтарды. Бул тууралуу Анжеликанын соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Жалган маалыматтарга ишенбеңиздер. Менин баракчамдан жана өзүм аркылуу гана так маалыматтарды ала аласыздар. Анжелика деген ат адамдардын фантазиясын ойготот окшойт. Жакында эле курбумдун туулган күнүндө айткан каалоо-тилегимди бурмалап, мени мас абалында туулган күн өткөрдү деп жазып жатышат. Ошону менен катары эле мени боюнда бар деп ушак тараткандарга айтарым, менин боюмда жок. Мен да сиздердей эле жөнөкөй адаммын”, -деп билдирүү калтырды Анжелика.
Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-menin-boyumda-zhok-zhalgan-ushak-taratkandarga-ishenbeizder
Добавить комментарий ×