Анжелика: Мен бир аз козголгонго жарап калдым. Айымама качан операция жасалары белгисиз

28 январь 2021 14:08 6844 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Анжелика Кайратова абалы жакшырып, бир аз оордунан кыймылдап, оодарылганга жарап калганын айтты. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Ар бир күнү жакшы кабар Аллахтан суранып жатам. Мен оордумдан бир аз козголуп, оодарылганга жарап калдым. Айлиндин акыбалы шүгүр, убакыт керек экен.

Айымага качан операция жасалары белгисиз, шишиктери таркашы керек экен. Ал тараганча кандай болуп кетет билбейм.

Журналисттерден суранаарым, азырынча чалбай, жазбай туруңуздарчы. Жакшы кабар айтар күнүм алдыда”, - деп жазды ырчы.

Эске сала кетсек, ырчы Анжелика Кайратова 23-январда кыздары менен Бишкектен Караколго бара жатканда кырсыкка кабылганы айтылган. Ырчы жана анын кичүү кызы оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Анжеликага жана кызы Айлинге Бишкекте операция жасалган. Ал эми улуу кызы Айыманын моюун омурткалары сынып кеткендиктен, алдыда операция жасалары күтүлүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-men-oordumdan-kozgolgongo-zharap-kaldym-ajymama-kachan-operaciya-zhasalary-belgisiz



Добавить комментарий