Анжелика кыргыз элин "конченные" деп атаган эргулга: Сен кыргыз эмессиңби?
Ырчы Анжелика кыргыз элине акарат келтирген жигитти сындап чыкты. Бул тууралуу пикирин ал социалдык тармакка жазды.
"Биринчи сүйлөмүндөгү сөздөргө гана жооп берсин!!! “Вы кыргызский народ! Все 6 млн., Вы все конченные!» деген гана сөзү! Мага, балдарыма, ата-энеме, досторума, элиме бул ушинтип суйлөп жатат демек!!!!Калганы мейли, жиндеп сүйлөптүр уят сөздөрдү. Эмне болгон учурда дагы карманыш керек!. Минтип элге жардам бербей эле койгула! Каяктан чыккан неме бул ? Сен эмне кыргыз эмессинби? Же асмандан түштүң беле ! Экинчи видеодо ПЕРИШТЕ тим эле!", - деп жазды ырчы.
Бирок, бир аздан кийин ырчы жазгандары өчүрүп салды.
Эске салсак, сөз адепсиз видеолорду тараткан деп кармалып, кийин коё берилген Даниэль Ажиев тууралуу болуп жатат.
Ал буга чейин Кыргызстанда коронавирус табылгандан кийин жардам иретинде ар бир облуска бир миллион сомдон бөлүп, жалпы 7 миллион сом которгонун жарыя кылган. Бирок анын бул аракети коомчулук тарабынан катуу сынга алынган.
Ажиев социалдык тармак аркылуу видео таратып, алты миллион элдин аброюна шек келтирип, оозго алгыз сөздөрдү айткан.
Ал ортодо Ажиев социалдык тармактан элди мазактаган сөздөрү үчүн милиция тарабынан кармалганы маалымдалды.
Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-kyrgyz-elin-konchennye-dep-atagan-ergulga-sen-kyrgyz-emessibi
Добавить комментарий ×