Антисептиктен абайлаңыз. Якутияда үч адам антисептик ичип каза болду
Якутиянын Таттинск районунун үч тургуну антисептик ичип каза болду. Ошону менен катары эле, дагы алты адам ооруканага жатып калды. Бул тууралуу “РИА Новости” жазып чыккан маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
"Уулануу антисептик колдонуунун натыйжасында келип чыккандыгы алдын-ала аныкталды, үч адам каза болду, бир катар жарандар ооруканада дарыланып жатат", - деп билдирди облустук прокуратура.
Республиканын Саламаттыкты сактоо министрлиги алты адам ооруканага түшкөнүн тастыктады.
"Учурда алты бейтаптын тең абалын дарыгерлер оор жана өтө оор деп баалап жатышат. Бирок убакыттын өтүшү менен абал каалаган учурда өзгөрүшү мүмкүн. Алардын бардыгы чоң кишилер", - деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.
Департамент кошумчалагандай, ууланган адамдарды эвакуациялоо үчүн Якутск шаарынан санитардык каттам учкан.
Ссылка: https://barometr.kg/antiseptikten-abajlayz-yakutiyada-ch-adam-antiseptik-ichip-kaza-boldu
Добавить комментарий ×