Жакшы жаңылык. Израил менен ХАМАСтын ортосунда элдешүү башталды

24 ноябрь 2023 15:42 2076 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Израил менен ХАМАС ок атышууну токтото башташты. Бул тууралуу DW басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Израил менен палестиналык ХАМАС тобунун ортосундагы төрт күндүк гуманитардык элдешүү  Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө күчүнө кирди.

Бул убакыттын ичинде барымтадагы 50 израилдик жана 150 палестиналык туткун - аялдар менен жашы жете элек өспүрүмдөр бошотулушу керек.

Катардын ортомчулугу менен жетишилген келишимге ылайык, ХАМАС уюму тарабынан барымтага алынган алгачкы 13 адам Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө бошотулат. 
Израил жума күнү бошотулуп жаткан барымтадагылардын аты-жөнүн алдын ала тизмесин алганын ырастады.

Бир күн мурун Израил менен ХАМАС элдешүү келишимине жетишкен. Элдешүүнүн расмий башталыш убактысы 24 сааттын ичинде жарыяланып, алгачкы барымтадагылар 23-ноябрь күнү бошотулаары кабарланган.

Келишим 75 жылдан бери уланып келе жаткан палестин-израилдик жаңжалдын тынчтыкка карай жасалган биринчи кичинекей кадамы болду. Акыркы жети жумада 2,3 миллион адам жашаган Газа тилкесинде болгон кыйроо дүйнөнү дүрбөлөңгө салды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhakshy-zhaylyk-izrail-menen-hamastyn-ortosunda-eldesh-bashtaldy



Добавить комментарий