Алып баруучу Нурзат Токтосунова: "Адамды макташ үчүн эл тааныш керек да"

16 август 2018 22:30 3414 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Нурзат Токтосунова "Адамга көзү тирүүсүндө жылуу сөз арна" деген флешмоб баштады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына киргизди. 

"Кыргыз ынтымакка келип, жөлөшүп-таяшып, өнүгүп кеткиси бардыр. Алгачкы биз дарегине жакшы сөз айтып, мактап кубаттай турчу адамдардын тизмесинен кимди көрүүнү каалаар элеңиз?"- деп интернет колдонуучуларга кайрылды. 

"Сөзсүз эле чыгармачыл, элге таанымал адам болуш керекпи? Башка адамдар жакшы сөзгө муктаж эмеспи?"-деген ой-пикирлер дагы интернет колдонуучулар тарабынан айтылды. Буга алып баруучу: "Макташ үчүн эл тааныш керек да"-деп жооп берди. 

Мындай демилге мезгилсиз өтүп кеткен алып баруучу Салтанат Саматова жана журналист Уланбек Эгизбаевди жоготуудан кийин жаралды. 


Ссылка: https://barometr.kg/alyp-baruuchu-nurzat-toktosunova-adamdy-maktash-chn-el-taanysh-kerek-da



Добавить комментарий