Алымкадыр Бейшеналиев: Кыргызстанда Кавасаки синдрому 16 баладан тастыкталды
Жыл башынан бери Кыргызстанда балдарда Кавасаки синдрому каттала баштады, жалпысынан 28 бала аталган синдромго шекетелип жаткан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин "Биринчи радионун" эфирине берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Кавасаки синдромуна шектүү делген 28 учурдун ичинен 16 учур тастыкталган, өлүм болгон жок.
Министрдин айтымында, Кавасаки синдромун дарылоонун алгоритми иштелип чыккан.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда пневмония менен ооруган 150 бала дарыланууда, алардын абалы канааттандырарлык”, - деди Бейшеналиев.
Кавасаки синдрому - балдарда курч респиратордук вирустук оорудан кийин татаалдашып пайда болгон аутоиммундук оору.
Анын белгилери катуу баш оору, көздүн оорушу же кызаруусу, конъюнктивит жана гастроэнтерологиялык синдромдор - жүрөк айлануу, диарея, кусуу. Ошондой эле, мурундан кан кетиши мүмкүн. Ошону менен катары эле ичтин катуу оорушу, ич өтүү менен коштолот. Мындан тышкары, оорулуунун терисинде кичинекей кызыл тактар байкалат.
Ссылка: https://barometr.kg/alymkadyr-bejshenaliev-kyrgyzstanda-kavasaki-sindromu-16-baladan-tastyktaldy
Добавить комментарий ×