“Альянс курулуш” компаниясынын жетекчиси Максим Альяновдун бөгөт чарасы бүгүн каралаары күтүлүүдө
Бөлүшүү:
“Альянс курулуш” компаниясынын жетекчиси Максим Альяновдун бөгөт чарасы бүгүн каралаары күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жогоруда аталган курулуштун жетекчиси Максим Альянов 14-августта кармалган. Анын үстүнөн алдамчылык фактысы боюнча арыз түшүп, кылмыш иши козголгон. Буга чейин Максим Альяновдун компаниясы көп кабаттуу үй куруу убадасы менен акча алып, курулушту бүткөрбөй жатканын айтып чыгышкан эле.
Добавить комментарий ×