Алтынай Өмүрбекова эмне үчүн бала бакчалар карантинге жабылбаганын түшүндүрүп берди

14 март 2020 23:20 1573 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мектептер убактысынан мурда каникулга чыккандыктан, эмне үчүн мындай чечим бала бакчаларга дагы тиешелүү эмес дегендер болуп жатканын Facebook баракчасына жазды.

Эске салсак, Кыргызстандагы мектептер менен университеттер коронавирустан улам 16-марттан тарта үч жумага карантинге жабылат.

“Эгер сизде балаңызда бала бакчага жибербей коюуга мүмкүнчүлүгүңүз болсо ал сиздин каалооңуз жана укугуңуз. Бирок, жумушун таштап балдары менен отура албаган ата-энелер дагы бар. Андыктан бала бакчалар иштей берет. Балаңы жиберип же жибербөөнү өзүңүз чечесиз! Барыңыздарга жакшы дем алыш каалайм, баары эң мыкты болот!” — деп жазды Өмүрбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/altynaj-mrbekova-emne-chn-bala-bakchalar-karantinge-zhabylbaganyn-tshndrp-berdi



Добавить комментарий