Кыргызстанда мектептер менен университеттер 16-марттан тарта карантинге жабылат
Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан баштап, өлкөнүн бардык мектептерин жана жогорку окуу жайларын үч жумага карантинге жабуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 14-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги алдында коронавируска карата Коопсуздук кеңешинин чакан жыйыны өткөн. Анда президент вирус өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизери айдан ачык экенин айтып, өкмөттү бул жаатта иштерди тыкыр көзөмөл менен алып барууну тапшырды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда окуучулар 21-марттан тарта жазгы каникулга тарамак.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-mektepter-menen-universitetter-16-marttan-tarta-karantinge-zhabylat
Добавить комментарий ×