Алтын жана алтын буюмдарына байланышкан ырым-жырымдар
Алтын байыртадан эле байлыктын, ийгиликтин, жетиштүү жашоонун символу менен атрибуту болуп келген. Дүйнө элдеринде алтын менен көп ишеним жана ырым-жырымдар байланышкан.Бүгүн barometr.kg сиздерге алар тууралуу сунуштайт.
1) Алтын буюмдарды жоготуу
Алтын буюмдарды жана саатыңызды жоготуп алганда кайгыруунун кереги жок деп коюшат.Анткени ан менен сизге келе жаткан кыйынчылыктар, кырсыктар чыгып кетет деп эсептелинет.
2) Нике шакеги
Башка бирөөнүн нике шакегин, ал тургай ата-эненикин дагы болсо тагынбай койгон туура. Ал эми өзүңүздүн нике шакегиңизди башка бирөөнүн тагынып көрүүсүнө бербөөңүз керек.Мындай учурда үй-бүлөдө уруш-талаш келип чыгат деп коюшат.
3) Башкалардын алтын буюмдарын тагынбаңыз
Эгерде башка бирөөнүн алтын буюмдарын тагынууга туура келип калса андай айла жок. Бирок мүмкүн болушунча тойго, кафеге деп бирөөнүн зер буюмдарын тагынып барган туура эмес экенин биоэнергетиктер эскертишет. Алтында анын ээси тууралуу көптөгөн маалыматтар топтолгон болот.
4) Күмүш менен алтынды чогуу тагынуу
Кимдир бирөөлөр муну стилге, модага табити жок адамдын кылаар иши деп санашы мүмкүн.
Эки металлды тең тагына берүүгө уруксат. Анткени алар бири-бирин күчтөндүрүп турат.
5) Алтын карарып кетсе
Эгерде алтындын жасалма экенин анык билсеңиз, карарып кетсе анда нормалдуу көрүнүш. Бирок чыныгы алтын карарып кетсе, сизге кимдир-бирөөлөр катуу кара дуба салуусу же организмиңизде оору пайда болуп жатышы мүмкүн. Тезирээк чара колдонуңуз.
6) Алтын чыңжырчаңыз үзүлүп кетсе
Бул кайсы бир ишти, киреше алып келбеген нерсенин бүтүп жатканынын же айланаңыздагы жаман ойлуу адамдын жашооңуздан кетип жатканынын белгиси.
7) Тегерек деталдар
Сиздин алдыңызда маанилүү жолугушуу, мейли ал ишкер темасында болобу же жеке маселеге байланыштуубу алтын буюм тагынып барганыңыз маанилүү. Бирок ал тегерек формадагы элементтери болсо ого бетер жакшы.
8) Алтынды уурдап кетишсе
Эгерде алтынды уурдап кетишсе, капа болбоңуз. Ууру аны менен кошо сизге келе жаткан ар түрдүү балээлерди, кырсыктарды алып кеткен болот.
Ссылка: https://barometr.kg/altyn-zhana-altyn-buyumdaryna-bajlanyshkan-yrym-zhyrymdar
Добавить комментарий ×