Жашооңуз жакшы жагына өзгөрүп бара жатканын кантип билсе болот?

29 сентября 2021 15:37 2259 Barometr
Поделиться в:
ok

Алдына максат коюп ага жетем деген адамдар жашоосунда жакшы өзгөрүүлөр болуп жатканын, туура жолдо бара жатканын кантип аныктаса болот.Бул абалдын өзгөчөлүктөрү тууралуу barometr.kg бүгүн сиздерге сунуштайт.

1. Адаттар

Күтүүсүз жерден эле сиз буга чейин ойлобогон нерселерди жасай баштайсыз, мисалы, ресторандан тамактанасыз, баалуу кийим жана бут кийимдерди сатып аласыз, машыгууга барасыз, бирок булардын баарына акча кетип жатат деп мурдагыдай калчылдабайсыз. Ал тургай акча тапкан деңгээлиңиз ошол эле бойдон калса дагы сиз акчасыз калуудан коркпой каласыз.Ошол эле маалда жумуш берүүчүдөн көз каранды болбой, бошотуп жиберет деп да ойлонбой каласыз.

 2. Жүрүм-турум

Коркунучтар жана тырышып тура берүү бир жакка жоголуп кетет. Сиз тартынбай сүйлөшүп, адамдар менен бат тил табышып, жаңы стил менен имиджге өтөсүз.  Сиздин чарчооңуз ички күчкө жана азартка алмашат.Тааныштарыңдын айрымдары сизди көңүл кош болуп калды деп күнөөлөп жатса-бул дагы жакшы. Аларга мурдагыдай кошо кейип кепчип, маселесин чечпей калганда сизди ошентип айыптап чыгуулары кадыресе көрүнүш. 

3. Айлана-чөйрө

Эч кандай артка кылчактабай туруп сизди жадатып келген эски досторуңуз жана тааныштарың менен коштошосуз.Сиз жок деп айтканды үйрөнгөн күнү “жабышчаак” адамдар сизден алыстап кетет.Телефондун үнү менен мессенжердин добушу эми сизди кыжырдантпайт.  

4. Алтынчы сезим

Интуицияңыз күч алат.Бул сиздин чектөөлөр менен туура эмес программалардан алыстаганыңыздын бир белгиси.Жаңы адамдар менен таанышкан учурда аларды ким экенин аңдабай эле түшүнүп, чечим кабыл алуу жеңилге туруп калат.Бул өзүнүн жан дүйнөсүн туура эмес бөгөттөрдөн тазалаган учурда пайда боло турган нормалдуу көрүнүш.     

5. Түшүнүү

Эң эле кыйын деген жагдайлар дагы оңой чечилет.Маселелер олуттуу көрүнбөй калат. Эгерде мурда бирөөнү жек көрүп жүрсөңүз жагдайдын чыныгы маанисин түшүнүп жаман көрбөй каласыз.

Эгер ушундай өзгөрүүлөр сиздин жашооңузда болуп жатса демек өзүңүздү сыйлоону, жашоонун күнүмдүк жагдайларынан позитивдүү учурларды көрүүнү үйрөнүпсүз. Мунун баары болуш үчүн сизге абдан чоң суммадагы акчанын деле кереги жок. Чоң акчага барчу жол ушундай башкаларга сезилбеген, бирок өзүңүз гана сезген майда өзгөрүүлөрдөн башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhashoouz-zhakshy-zhagyna-zgrp-bara-zhatkanyn-kantip-bilse-bolot



Добавить комментарий