“Альянс Алтын” ишканасынын кызматкерлери түнкү марафонго катышты
Жерүй алтын кенин иштетип жаткан "Альянс Алтын" ишканасынын кызматкерлери кече, 18-июнь күнү өткөн түнкү жарышка катышышты. Бул тууралуу "Альянс Алтын" ишканасынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Быйыл марафонго 2000 катышуучу катышты. Алардын арасында «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлери да бар.
Анын ичинен 22 адам 5 чакырым аралыкка, 4 адам 10 чакырым аралыкка чуркашты. Бардык 26 катышуучу марафонду ийгиликтүү аяктады.
Белгилей кетсек, «Альянс Алтын» массалык спорттук иш-чараларды колдоого алат, анткени бул башкаларга үлгү болуп, өлкөдө спортунун өнүгүшүнө чоң салым болот.
«Биз жөндөмдүү экенибизди, жеңишке жетерибизди, кандай оор болбосун багынбаганыбызды түшүнүү мүмкүнчүлүктөрдүн чегин кеңейтет. Чуркоо физикалык гана эмес, биз үчүн жашоонун маанилүү бөлүгү. Чуркоо өзүн-өзү тарбиялоону өнүктүрөт, физикалык кыймылсыздыктан куткарат жана стресс менен күрөшүүгө жардам берет. Көп кыймылда болсок ар дайым шайыр жана жүзүңүздө жылмаюу менен жүрөсүз.
Бул түнкү чуркоо Кыргызстанда алгачкылардан болуп өттү, анда миңдеген чуркоону жакшы көргөн жарандар жайдын салкын түнүндө чырактардын жарыгы астында чуркай алышты.
Биз кесиптештерибиз менен сыймыктанабыз жана сиздерди мыкты жыйынтык менен куттуктайбыз!”, - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-ishkanasynyn-kyzmatkerleri-tnk-marafongo-katyshty
Добавить комментарий ×