Алтын жалатылган табыт. Бразилия футбол легендасы Пеленин өлүмүнө даярдана баштады

27 декабрь 2022 09:25 1572 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бразилиянын "Сантос" клубу азыр оор абалда ооруканада жаткан дүйнөлүк футболдун легендасы Пелени акыркы сапарга узатуу зыйнатына даярданууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бразилиялык басылмалардын маалыматына караганда, “Вила Бельмиро” стадионунун талаасында чоң чатыр тигилип, ичинде Пеленин сүрөттөрү түшүрүлүп, алтын жалатылган чоң табыт даяр турат. 

Ал ортодо, соцтармакта "футбол падышасын" акыркы сапарга узатуу зыйнатына даярдыктар тартылган видео да тарады.

Британ ишкери жана спорт менеджери Фрэнк Халид дүйшөмбү күнү, 26-декабрда Пеле каза боло электе достору, үй-бүлөсү жана жакындары менен коштошуп жатканын билдирди.  

Анын айтымында, дүйнөнүн үч жолку чемпиону "рак оорусуна каршы күрөштө жеңилүүдө", анын абалы "барган сайын начарлап баратат".    

Пеле азыр 82 жашта. Ал карьерасынын көбүн (1957-1974) “Сантос” клубу менен өткөргөн. Ушул жылдын ноябрь айынын аягында Пеле жоон ичеги рагын дарылоо үчүн Сан-Паулудагы ооруканага жаткырылган.      
Бразилиялык футболчуга денесинин жалпы шишиги, жүрөк оорусу жана өзүн жоготуп коюу деген диагноз коюлган.       

ММКлар Пеленин денеси химиотерапияга жооп бербей калганын жана ал паллиативдик жардам алып жатканын жазышкан.       

Пеле оюнчу катары дүйнө чемпиондугун үч жолу жеңген дүйнөдөгү жалгыз футболчу (1958, 1962 жана 1970-жылдары). Ал төрт дүйнөлүк чемпионаттын мүчөсү. 1999-жылы ЭОК бразилиялыкты 20-кылымдын спортчусу деп тааныган.       

    
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/altyn-zhalatylgan-tabyt-soctarmakta-oorukanada-zhatkan-futbol-legendasy-pelenin-lmn-dayardanyp-zhatkan-video-tarkady



Добавить комментарий