“Алтын кум” пансионатында эркек киши сууга чөгүп кетти
Бөлүшүү:
Ысык-Көл районунда эркек киши сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган маалыматка таянсак, кечээ, 31-августта Бостери айылындагы “Алтын кум” пансионатынын аймагында 1985-жылы туулган С. Д. көлгө чөгүп кеткен.
Издөө иштерине 3 куткаруучу тартылды.Караңгы кирип кеткендиктен издөө иштери убактылуу токтотулган.
Бүгүн 1-сентябрда төрт суучул жана №31 отряддын бир офицери издөө иштерине киришти.
Ссылка: https://barometr.kg/altyn-kum-pansionatynda-erkek-kishi-chgp-ketti
Добавить комментарий ×