Алмазбек Атамбаевдин дагы бир телеканалы ачылат
Бөлүшүү:
Экс мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин «Канал D» аталышындагы дагы бир телеканалы ачылат. Маалыматка ылайык, аталган канал юстиция министрлигинин каттоосунан май айында өткөн. «Канал D» телеканалын белгилүү журналист Алтынбек Жумаев жетектейт. Тар чөйрөдө «Канал D» 2010-жылдары Камчыбек Ташиев негиздеген Жалал-Абаддагы "7-канал" экени айтылууда. Буга чейин "7-канал" Атамбаевдин тегерегиндеги таасирдүү адамдар аркылуу Ташиевден Атамбаевге өтүп кеткени айтылып жүргөн.
Белгилей кетсек буга чейин Атамбаевдин “Апрель” телеканалы ушул жылдан баштап иштей баштаган.
Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-atambaevdin-dagy-bir-telekanaly-achylat
Добавить комментарий ×