Алмазбек Атамбаев: "Кызматына кайтаруу өкүмүн чыгаргандыгы, Матраимовдун досторунун өч алуусу"

26 июль 2018 02:10 2951 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

 Раим Матраимовго карата соттук чечимге экс-президент Алмазбек Атамбаев өз оюн айтты. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн элге Райымбек Матраимов бажыдагы ордуна расмий түрдө кайтып келеби, келбейби, ал жана ага окшогондор өлкөдөгү ушу сыяктуу жана бюджет толтуруучу башка түзүмдөрдү иш жүзүндө башкара беришерин ачык билдиришти.  

 Тилекке каршы, менин Президент  Жээнбековдун жеке өзүнө, андан кийин 2018-жылдын 31-мартында элдин көзүнчө айткан кеңештерим менен эскертүүлөрүмдү ал көңүлгө алган жок. Анын тегерегиндегилер тарабынан башталган коррупция менен укмуш күрөшүп жаткандай түр көрсөтүүгө жамынып алып, саясий оппоненттерден өч алуу бийликтин, ошондой эле коррупция менен күрөшүүнүн жарыя кылынган курсунун кадырын кетирет.  

Эл ичинде "Раим миллион" атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Ал эми  Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун доосун канааттандырган.

Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-atambaev-kyzmatyna-kajtaruu-kmn-chygargandygy-matraimovdun-dostorunun-ch-aluusu



Добавить комментарий