Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгын өткөрүп берди

25 май 2019 14:26 1460 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгын өткөрүп берди жана партиянын курамынан кетти. Бул тууралуу бүгүн партиянын саясий кеңешинин жыйынында белгилүү болду.

Алмазбек Атамбаевдин партия жетекчилигинен убактылуу чегинүүсү - экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзамга байланыштуу болгон жана партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Асель Кодуранова дайындалган.

Башка бир чечимге ылайык, Саясий кеңештин жана  Саясий кеңештин алдындагы Туруктуу комитеттин курамына Фарид Ниязовдун шайланганы белгилүү болду.

Ошондой эле КСДП Саясий кеңеши КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Дами Мусакеевге карата соттун өкүмүнө байланыштуу арызды кабыл алды.

Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-atambaev-ksdpnyn-tragalygyn-tkrp-berdi



Добавить комментарий