Алмаз Сарыбаев бийликти басып алуу иши боюнча кармалды

16 сентябрь 2021 12:21 1492 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев бийликти басып алуу аракетине шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

ИИМдин тергөө кызматы КРнын Кылмыш кодексинин 309-беренеси (“Бийликти күч менен басып алуу”) боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат, анын алкагында буга чейин ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган.

Асанов жана Сарыбаев бийликти басып алуу тууралуу видео роликте сүйлөшкөнү тууралуу буга чейин жаряланган.

Сарыбаев 15-сентябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Буга чейин аталган иш боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы жана иштеп жаткан депутаттары, мурдагы мамлекеттик кызматкерлери сурак беришкенин ИИМден эскертишти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/almaz-sarybaev-bijlikti-basyp-aluu-ishi-boyuncha-karmaldy



Добавить комментарий