Алмаз Орозалиев: Бишкекте абал туруктуу, 120 санитардык өткөрүү пунктары иштөөдө

28 март 2020 18:27 1041 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда  Бишкек шаарынын тургундарын өзгөчө абалдын талаптарын аткаруу керектигин дагы бир жолу эскертти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын Басма сөз борбору билдирди.

Брифингдин жүрүшүндө  Алмаз Орозалиев белгилегендей Бишкекте абал туруктуу. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери күнү-түнү  коомдук тартипти камсыздоодо.  Азыркы учурда борбордун аймагында 120 санитардык өткөрүү пунктары иштөөдө, анын ичинен шаардын перимертри боюнча 41 өткөрүү пунктунун ичинде дезинфекциялоо иштери жигердүү жүргүзүлүп, 79 өткөрмө пунктары коюлуп, ар бир өткөн жарандын дене табын текшерип, ден-соолугунун абалын көзөмөлдөөдө,- деп билдирди.

Өткөн суткада коменданттык сааттын талаптарын бузган 157 жаран кармалган, анын ичинен 134 эркек, 23 аял жана 3 жаш өспүрүмдөр, мындан тышкары 5 чет өлкөлүк жарандар болгон.  Кармалгандарды Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилип, 98 жаранга протоколдор түзүлүп, үйлөрүнө жиберилген.

Бардык жарандарды карантин убагындагы эрежелерди бузбоого жана гигиеналык тазалыкты сактап, бат-баттан колду жууп,  даарыкана, оорукана жана дүкөнгө баруудан тышкары эч себепсиз көчөгө чыкпооңуздарды суранабыз,- деди комендант .

Кыргыз Республикасынын майзамдарына ылайык комендаттык саатта эрежелерди бузгандарга карата атайын чаралар көрүлмөкчү. Өзгөчө абал учурунда эрежени бузгандар карантиндик жагдайда түздөн-түз таасирин тийгизип, тийиштүү кызматтардын короновирус илдетинин тарап кетүүсүнө жана пайда болушуна  эскертүү иштеринин жүрүшүнө тоскоолдук жаратууда.    Ошол себептүү Бишкек шаарынын тургундары өзгөчө абал учурунда үйлөрүндө болуусун өтүнөбүз жага суранабыз.

Ошондой эле  Бишкек шаарынын комендаты Орозалиев Алмаз  Кыргызстандын жеткирүүчүлөр Ассоциациянын төрагасы Гульнара Ускөнбаева  жана Кыргызстандын ата мекендик өндүрүүчүлөр Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,  анда өндүрүш менен алектенген жеке ишкерлердин жумушун өзгөчө кырдаал учурунда жеңилдетүү тууралуу суроолорун чечүү маселеси талкууланды.

Ошону менен катар, борбордун жашоо тиричилиги үчүн маанилүү болгон ишканалардын толук тизмесин ыкчам тартипте чогултуу зарылчылыгы белгилеп, өз кезегинде Бишкек шаарынын комендатурасы бул ишканалардын кызматкерлери үчүн өткөрмө берүүнү камсыздоого даяр экендигин билдирип, жолугушууда белгилегендей, мындай биргелешкен иш, борбор шаардык комендатуранын да, ишкерлердин да жумушун жеңилдетет.

“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз.

Бишкек шаарынын комендатурасы жарандарына кайрылат жана эскертет, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.


Ссылка: https://barometr.kg/almaz-orozaliev-bishkekte-abal-turuktuu



Добавить комментарий