Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Бөлүшүү:
Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Ош шаарынын мээри шайланганга чейин ал “милдетин аткаруучу” рангында болот.Учурда аны мэриянын жамаатына тааныштырышты.
Эскерте кетсек, Алмаз Мамбетов буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеген, 2021-жылдын май айыннан тартып Кыргызстандын президентинин иш башкаруучусу кызматын аркалаган.
Ссылка: https://barometr.kg/almaz-mambetov-osh-shaarynyn-merinin-mildetin-atkaruuchu-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×