Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду
Поделиться в:
Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын аймактар менен иштешүү жана уюмдук инспектордук жумуштар боюнча бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жалалов Ош шаарында өткөн жыйында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Анын айтымында, Сарыбашов берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Сарыбашов 2018-жылы июль айында Ош шаарынын мэри болуп шайланган.
Ссылка: https://barometr.kg/taalajbek-sarybashov-osh-shaarynyn-meri-kyzmatynan-boshotuldu
Добавить комментарий ×