Ысык-Атада футбол аянтчасы курулду (Сүрөт)

24 июль 2020 15:20 3011 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Атадагы Алмалуу айылынын жаштарын сергек жашоого үндөөгө жана спорт тармагын жайылтуу максатында кичи футбол аянтчасы курулуп берилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Чуй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылына кичи футбол аянтчасын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов куруп берди. Жергиликтүү жаштар бул демилгени жигердүү колдошту.

“Алмалуу айылында бул аянтчанын болушу айыл жаштарынын арасында сергек жашоо образын, дене тарбия жана спортту жайылтууга, футболдун өнүгүшүнө өбөлгө болот”, - дейт Канат Аманкулов.

Алмалуу айылынын жашоочулары мындай долбоорлор социалдык маанилүү экендигин белгилешти.

Мындан тышкары, мамагенттиктин директору айылдагы дарыгерлерге каражат бөлүп, жергиликтүү ооруканага жеке коргонуу шаймандарын, ошондой эле коронавирус менен ооругандарга дары-дармектерди өткөрүп берди.

Ссылка: https://barometr.kg/almaluu-ajylynda-kichi-futbol-ayantchasy-achyldy



Добавить комментарий