Алкановага мыйзамсыз иш козгогон тергөөчүлөргө кылмыш иши ачылып УКМКга өттү
Журналист Элнура Алканова Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөөчүлөрүнө карата кылмыш иши козголгонун жана бул иш тергөө үчүн УКМКга жөнөтүлгөнүн билдирди. Алканова журналистик ишмердүүлүгү үчүн атайын буйрутма менен куугунтук жүргүзгөндүгү үчүн Финансы полициясынын тергөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин үстүнөн "мыйзамсыз жоопкерчиликке тартуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Белгилей кетсек, журналист буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Ажибаев менен тергөөчү Замир Оморбековго карата прокуратурадан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) боюнча баа берүүнү жана жоопко тартууну талап кылган.
Маалымат үчүн: Өткөн жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган. Бул үчүн өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү журналисттен ал кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдон башчы кечирим суроону талап кылган. Журналист кечирим сураган эмес. Көп өтпөй Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кылмыш ишин козгоп, Элнура Алканованы адегенде күбө катары сурап, кийинчерээк ага айып таккан болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/alkanovaga-myjzamsyz-ish-kozgogon-tergchlrg-kylmysh-ishi-achylyp-ukmkga-tt
Добавить комментарий ×