Алия Шагиева ага ыгы жок асылгандар тууралуу жазды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактарда ыгы жок асылгандар тууралуу Instagram баракчасына жазды.
Ал сторис бөлүмүнө чыккан сүрөттөргө жазылган комментарийлердин бирөөнү бөлүштү. Анда колдонуучулардын бири Шагиева менен тезинен кумарга батууга даяр экенин жазган.
Өз кезегинде Шагиева жерге учуп келе жаткан келгиндер жогорку цивилизацияны табышканын, бирок, жерге келип бардыгын көргөндөн кийин алар адашып, кайта кетип баратканын чагылдырган сүрөттөрдү коюп, жооп берген.
Белгилей кетсек, Шагиева өзүн сүрөтчү катары элге таанытып келет. Буга чейин ал боюнда бар кезинде курсагы көрсөтүлгөн сүрөтүн жарыялап, коомчулуктун талоонунда калган.
Ссылка: https://barometr.kg/aliya-shagieva-aga-ygy-zhok-asylgandar-tuuraluu-zhazdy
Добавить комментарий ×