Элчи: Москвада форма №2 толтуруу үчүн кыргыз жарандары узун кезек күтүп жатат деген маалымат жалган

18 сентябрь 2020 10:27 2448 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кече, 17-сентябрда соцтармактарда Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин консулдук бөлүмүндө Форма 2 документин толтурганы келген жарандар бир нече саат бою тар бөлмөдө, санитардык нормалар сакталбай кезек күтүп жатканына нааразы болгон видео маалымат таркаган. Бул маалыматты Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов четке кагып, шайлоо алдындагы атайын уюштурулган чагымчыл иш деп баалады. Бул тууралуу элчинин соцтармакка жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“КР ЖКнин депутаттарын шайлоо боюнча иш-чараларды координациялоо үчүн элчиликтин алдында Штаб түзүлгөн, анын курамына Россиядагы КРнын Ички иштер министрлигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүктөрүнүн башчылары кирген. Бүгүнкү күнү элчиликтин бардык кызматкерлери Москва шаарында жана Москва облусунда жашаган мекендештерибиздин шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына шарт түзүп берүүгө кам көрүшүүдө. Ошол эле учурда, жарандардын көптүгүн жана элчиликтин кызматкерлеринин саны чектелүү экендигин эске алуу менен, 2 юрист жана 10дон ашык ыктыярчылар дагы иш-чараларга тартылды. Мындан тышкары, элчиликтин Консулдук бөлүмүндө шайлоо комиссияларынын 4 мүчөсү алдыдагы шайлоого карата кабыл алууну жүргүзүп жатат”, -деди элчи.

Кыргыз жарандары кезек күткөн элдин көптүгүнө карабай элчиликтин консулдук бөлүмүндө эки оператор гана иштеп жатканын айтышкан. Жарандар башка консулдук бөлүмдөр иштебей жаткандыгын, жумушун таштап эртеден кечке кезекте турганына даттанып, шайлоого чейин бул көрүнүштү чечип берүүсүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылган. Бирок, элчилик бул маалымат такыр чындыкка дал келбестигин айтты.

“Эки оператор гана иштеп жатат деген жалган. Азыркы учурда жарандарды кабыл алуу үчүн 8 "терезе" бар, башкача айтканда жарандарды тейлеген "терезелер" эки эсеге көбөйтүлдү. Бул терезелерде жарандардын жеке маалыматтарын камтыган атайын электрондук программалар орнотулгандыгын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Бул жеке маалыматтар жабык маалыматтардын категориясына кирет. Ушуга байланыштуу, элчиликтин маалымат базаларына кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар атайын даярдалган кызматкерлери гана иштеп жатышат. Ошону менен катары эле, диаспора уюмдарынын өтүнүчү боюнча, Элчинин чечими менен, шайлоо мезгилинде жарандарга жардам берүү максатында элчилик жуманын жети күнү эртең мененки 9:00дөн кечки 21:00го чейин иштеп жатат (12 саат). Чындыгында, элчиликтин кызматкерлери күн сайын түнкү саат 23.30га чейин жарандарды кабыл алып жатат”, -деди Жекшенкулов.

Буга чейин, КР БШКнын чечими менен Россиянын аймагында 11 шайлоо участкалары түзүлгөнү айтылган. Ошону менен катары эле, биринчи жолу элчиликте эки шайлоо участкасы бир эле учурда ачылары маалым болду.

2020-жылдын 16-сентябрына карата Москва шаарында 5 миңге жакын шайлоочу алдын-ала каттоодон өткөн.

БШК тарабынан Москва шаарындагы эки убактылуу шайлоо участкасына шайлоо күнү кезек күткөндөрдүн санын азайтуу максатында кошумча кызматкерлерди жана жабдууларды Москвага жөнөтүү маселеси каралып жатканы белгилүү болду.

Ссылка: https://barometr.kg/alikbek-zhekshenkulov-moskvada-forma-2-tolturuu-chn-kyrgyzstandyktar-uzun-kezek-ktp-zhatat-degen-maalymat-zhalgan



Добавить комментарий