Москвадагы мекендештер: Биз дем ала албай жатабыз. Бизге шарт түзүп бериңиздер (видео)
Бизге дем жетпей жатат. Москвадагы кыргызстандыктар шарт түзүп берүүнү өтүнүп соц тармакка видео жарыялады. Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Калдарбек Омокеевдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Москвадагы кыргызстандыктар шайлоочуларга шарт түзүп берүүнү суранып жатышат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратына форма 2 толтуруп, биометрикалык каттоодон өтүүнү каалагандардын саны арбын. Таза шайлоодон үмүт кылып жарандык милдетин аткарганы келген мекендештер бир нече саат бою тар бөлмөлөрдө кармалып турушат.
«Бул жерге жумушун таштап, Кыргызстаныбыздын келечегин ойлоп келишти. Малая Полянка көчөсү, 12а дарегинде жайгашкан консулдук бөлүм иштебей жатат. Бизге консулдук бөлүмгө биометрикалык каттоодон өткөрө турган аппарат беришсе иштемекбиз дешти. Эмнеге мындай аппараттарды бербей, шарт түзүп бербейсиңер? Пандемия учурунда социалдык аралыкты сактоо керек дешет, бирок мындай шарт болуп жатса кантип санитардык норманы сактайбыз? ", -деп видеонун автору ачууланып жатканын көрүүгө болот.
Ошол эле учурда, шайлоо күнү кезек мындан да чоңураак болорун кошумчалады. "Демек, шайлоочуларга алдын-ала шарт түзүп бериңиздер", -деп сөзүн аяктады ал.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-mekendeshter-biz-dem-ala-albaj-zhatabyz-bizge-shart-tzp-beriizder-video
Добавить комментарий ×