Али Тижжани Абубакирдин аялынын жана баласынын сүрөтү жарыяланды

8 июль 2019 10:54 8202 Barometr
Бөлүшүү:
ok

5-июлда Бишкекте “Cambridge School”дун директору, Нигериянын жараны Али Тижжани Абубакир каза тапкан тил мектебин негиздеген. Мекенинде анын аялы жана баласы калды.  

Директордун үй-бүлөсүнүн сүрөтү Facebookтагы  Wahidah Shuaib Harounah аккаунтуна жарыяланды.  

“Али абдан камкор ата жана сүйгөн жубай болчу. Аны Кыргызстандын борбору Бишкекте 22 жаштагы эркек киши өлтүрдү. Каза тапканга чейин ал Cambridge School мектебинин директору жана окутуучусу болгон”,-деп жазылат сүрөттөгү постто.

Эскерте кетсек,  2-июль күнү Али Тижжани Абубакир аттуу Нигериянын жараны Бишкектеги соода борборунун жанында сабалып, ооруканага жаткырылган, ал  бүгүн 5-июлда эртең менен каза тапты.

Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан 3-июль күнү Чүй облусунда 1997-жылы туулган К.Э. аттуу жигит шектүү катары кармалган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ali-tizhzhani-abubakirdin-ayalynyn-zhana-balasynyn-srt-zharyyalandy



Добавить комментарий