Алгачкылардан болуп, бөйрөгүн акысыз алмаштырган бейтап менен донор үйүнө чыгарылды

9 февраль 2024 15:01 1369 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1-февралда бөйрөгүн бекер алмаштырган бейтап менен донор үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бейтап бүгүн, 9-февралда үйүнө чыгарылган. 

Алымкадыр Бейшеналиев бөйрөгүн бекер алмаштыруу операциясынан ийгиликтүү өткөн бейтап менен донордон кабар алып, алардын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышты. 

«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, силерге биринчилерден болуп бекер операция жасалды. Мына минтип бүгүн үйүңүздөргө чыгып жатасыздар. Өзүңөргө жакшы кам көрүп, дарыгердин көзөмөлүндө болуңуздар”, -деп кошумчалады Алымкадыр Бейшеналиев.

Мындан тышкары, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги министрге трансплантация боюнча 50гө жакын адам кайрылганын билдирди. 12-февралда дагы бир реципиент жана донор бөйрөк алмаштыруу үчүн ооруканага жаткырылат.


Ссылка: https://barometr.kg/algachkylardan-bolup-bjrgn-akysyz-almashtyrgan-bejtap-menen-donor-jn-chygaryldy



Добавить комментарий