Алга Кылычев мурдагы президент Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган дейт

8 октябрь 2019 14:00 1805 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын тарапташы Алга Кылычев Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу журналисттерге айтты.

Жактоочу Алга Кылычевди тергөө менен келишкен окшойт деп шектенет.

Ал Алмазбек Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти басып алууга аракет жасады деп билдириптир. Ал ошондой эле КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаев жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө бериптир. Алга Кылычевдин айтымында, бул адамдар массалык башаламандыкты жана барымтага алууну уюштурган имиш”, - дейт жактоочу.

Алмазбек Атамбаев бир катар өзгөчө оор кылмыштарды жасады деп айыпталууда. Алардыын катарында адам өлтүрүү, күч кызматкерлерине зобюулук көрсөтүү, барымтага алуу, массалык башаламандык жана коррупция беренелери бар. Сот аны 26-октябрга чейин камакта кармоо чечимин чыгарган.

Ссылка: https://barometr.kg/alga-kylychev-murdagy-prezident-atambaev-mamlekettik-tkrsh-zhasoogo-araket-kylgan-dejt



Добавить комментарий