«Альфа» курулуш компаниясынын ээсинин 18 жаштагы уулу өзүн атып каза тапты
Бөлүшүү:
9-июлдан 10-июлга караган түнү «Ала-Арча-1» VIP-шаарчасында 18 жаштагы жигит өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу милициядан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Алдын ала маалыматтарга таянсак, ал өзүнүн башына «Сайга» маркасындагы травматикалык курал менен аткан.
Ал үч жигит менен эс алып жатып өзүн өлтүрөрүн айткан, алар курал менен ойноп сүрөткө түшүп жатышкан. Каза тапкан жигит «Альфа» курулуш компаниясынын негиздөөчүсүнүн улуу 18 жаштагы Д.А экени аныкталды. Ал «Ала-Арча-1» VIP-шаарчасында үй алышып, акыркы 7-8 айдан бери жашап жатышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/alfa-kurulush-kompaniyasynyn-eesinin-18-zhashtagy-uulu-zn-atyp-kaza-tapty
Добавить комментарий ×