Алексей Филатовдун акыркы посту: Ар бир учурду баала!

13 сентябрь 2021 10:03 753 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Теле алып баруучу Алексей Филатов кечээ, 12-сентябрда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында пневмония оорусунан көз жумду. Ал акыркы ирет эки апта мурда өзүнүн социалдык баракчасына төмөнкүдөй маанидеги пост жазганын “Барометр” маалымдайт.

“Кайсы бир күнү сен өзүңдүн жашооң тууралуу ойлоносуңбу?Убакыт ушунча тез өтүп жатканын түшүнөсүң да, дагы эле эч нерсе кылбаганыңа “селт этип” кетесиң.

Азыры сага 15? 20? же 28 жашпы? Болгону окуп кой. Суткада 24 саат бар. Ар бир күн сенин терезеңе жаркырап тийген күндүн нуру менен башталат. Дагы мектепке барыш керек, колледжге баршы керек, ишке барыш керек деп наалыйсың.

Көзүңдү ач күнүм. Бир эле ирет мектепте окуйсуң. Өмүрүңдө бир гана ирет бир ишке эч ойлонбой мамиле кыласың, ал болсо кийин өмүрүңдө өтө зор мааниге ээ болот жана сага да жакындарыңа дагы чоң таасирин тийгизет.

Күлкү.Алгачкы сүйүү. Кубаныч, Жолугушуулар. Сабактан качуу. Кеч. Жай. Сенин өмүрүң кайда шашып бара жатат? Ойлон. Ар бир учурду баала! Ар бир учурда буга чейин болуп көрбөгөй сезим менен жаша. Анткени жашооңдо бир гана ирет 15, 20 жаш болот...” деп жазган алып баруучу акыркы постунда.

Ссылка: https://barometr.kg/aleksej-filatovdun-akyrky-postu-ar-bir-uchurdu-baala



Добавить комментарий