Алдангандар көбөйдү. Сауд Арабиясы зыяратчыларды жандарына чоң суммадагы акча албоого чакырат

3 апрель 2023 15:32 783 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сауд Арабиянын бийлиги умрага жана ажылыкка барганда ири өлчөмдөгү акча жана кымбат баалуу буюмдарды албоого кеңеш берди. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт. 

Ажылык жана умра министрлиги Сауд Арабияга бара турган зыяратчыларга жалпысынан алтын куймаларын, асыл таштарды жана баалуу металлдарды алып келбөөнү жана 16 миң доллардан ашпаган накталай акча алып жүрүүнү сунуштады. 

Бийлик ошондой эле, банктык тиркемелерди расмий сайттардан жүктөп алууга, банктык эсептин реквизиттерин бөлүшпөөгө жана белгисиз адамдарга акча которбоого жана белгисиз булактардан келген билдирүүлөргө көңүл бурбоого чакырды.   

Бийлик зыяратчылар алдамчылыктан шектенсе же курмандыкка кабылып калса, бул тууралуу министрликке же тиешелүү органдарга билдирүүнү сунуштады.  

Дүйнөнүн булуң бурчунан келген мусулмандар Nusuk тиркемеси аркылуу ажылыкка баруу үчүн арыз берип, электрондук визага кайрылуудан баштап, бул платформада турак жай жана авиакаттамдарды брондогонго чейин бүтүндөй сапарын уюштура алышат.     

Март айынын башында министрлик элди азайтып, зыяратчылардын ыйык жерлерге оңой жана коопсуз барышын камсыз кылуу үчүн мусулмандарды Рамазан айында бир гана жолу умра кылууга үндөгөн. Мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин орозо кармаган ыйык Рамазан айында сыйынгысы келген көптөгөн адамдар келишет.       
     

Орозо 23-мартта башталып, 21-апрелге чейин созулат.   
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/aldanyp-kalgandar-kbjd-saud-arabiyasy-zyyaratchylardy-lkg-bara-zhatkan-uchurda-cho-summadagy-naktalaj-akcha-alboogo-chakyrat



Добавить комментарий