Алдамчылыкка шектелип, кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

20 май 2019 17:28 1269 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КР ИИМи алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалгандыгын маалымдады.

Ички иштер органдарына Өзгөн районунун жашоочусу арыз менен кайрылып, алдамчылык фактысы боюнча иш козгоону суранган. 2017-жылдын күз айларында ишкерге чала тааныш адам кайрылып, ишеничке кирүү менен кеңири белгилүү болгон «Травертин» фирмасына таандык интерьерлерди кооздоо жана тышкы жасалган иштери үчүн пайдаланылуучу декоративдүү плиталарды алып, акчасын төлөбөй кеткен.

Ал бардыгы болуп 60 куб., башкача айтканда 12000 АКШ долларына барабар плиталарды алган.

Аталган факт боюнча Ош облусунун Өзгөн райондук ИИБнын тергөө кызматы тарабынан КР ЖК (эскиси) 166-беренесинин 3-бөлүгү («Алдамчылык») боюнча иш козголуп, бул ишке Талас облусунда туулган, 1984—жылкы К.М. аттуу жарандын тиешеси бар экендиги аныкталган жана 2019-жылдын январь айынын башында издөө жарыяланган.

Аталган жарандын кайда жашарын тактоо учурунда К.М. Чүй облусунун Сокулук районунда жашаган туугандарыныкында жашырынып жүргөнү белгилүү болгон. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Өзгөн райондук сотунан чечим чыгып, милициядан жашырынып жүргөн жаран кармалган. Кармоо учурунда да ал качып кетүүгө аракет жасаган.

Кармалган ишектүү адам териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөн райондук ИИБнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Криминалдык милиция кызматынан билдиришкендей, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары КР ИИМинде каттоодо турган.

Ссылка: https://barometr.kg/aldamchylykka-shektelip-kylmyshtuu-toptun-mchs-karmaldy



Добавить комментарий