Сокулуктан жер тилкесин алып беребиз деп автоунаа алдап алып кеткен эки киши кармалды
2019-жылдын август айында Сокулук РИИБге Чүй облусунун жашоочусу кайрылып, алдоо жана алдамчылык жолу менен ири материалдык чыгым келтиргендерге карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Арызда, 2013-жылы жайында Аман жана Эсен атуу адамдар ишенимге кирип, жер тилкесин алып беребиз деп 2002-жылы чыккан Toyota Harrier үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алышып, изин жашырып качып кетишкендигин билдирген. Автоунаанын баасы 8500 АКШ доллары турат.
Аталган факты КЖБРге катталып, Сокулук РИИБде Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жакында ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген эки жаран кармалып, Сокулук РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Кармалган жарандар Аламүдүн районунун жашоочусу 1985-жылы туулган О.А. менен 1985-жылы туулган Б.Х. аттуулар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турат. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/aldamchylyk-zholu-menen-iri-materialdyk-chygym-keltirgen-zharandar-karmaldy
Добавить комментарий ×