Албек Ибраимовдун соттук иши 30-январга жылдырылды

28 январь 2019 15:45 1612 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Албек Ибраимовдун иши тууралуу сот отуруму 3 айыпталуучунун жактоочулары келбей калгандыктан 30-январга жылдырылды. Соттун жүрүшүндө журналисттерге видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салынды. 

Эске салсак, бүгүн 28-январда Октябрь райондук сотунда "Дастан" ишканасына байланыштуу айыпталып жаткан мурдагы шаар мэри Албек Ибраимовдун   кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Окуянын чоо-жайын айта кетсек, 2012-жылдын январь айында ошол кездеги «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Асылкүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Анда ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган. Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде, мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Ушуга байланыштуу 2018-жылдын 28-майында УКМК тарабынан “Дастан” ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. 23-июлда Албек Ибраимовго карата УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы жер тилкелерге байланыштуу коррупция боюнча дагы бир кылмыш иши козголгон. Экс-мэр ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/albek-ibraimovdun-sottuk-ishi-30-yanvarga-zhyldyryldy



Добавить комментарий