Аламүдүндө жаран өз атасын өлтүрүүгө шектелип жатат
Аламүдүн районунда өз атасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, окуя 2-апрель күнү болгон.
"2-апрель күнү шектүү мас абалында келип, атасынын ур-токмокко алган. Атасы алган жаракатынан улам каза болгон. Тинтүү учурунда шектүүдөн 16 калибрлүү ок атуучу курал табылган. Сурак учурунда шектүү бул ок атуучу куралды 10 жылдай сактап келгенин айткан. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланып, алынган ок атуучу куралдарга бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал камакка алынган", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/alamdnd-zharan-z-atasyn-ltrg-shektelip-zhatat
Добавить комментарий ×