Аламүдүн районунун акиминин орун басары кармалды

30 март 2023 17:21 849 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аламүдүн районунун акиминин орун басары кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Чүй областтык прокуратурасы тарабынан Аламүдүн районунун акиминин орун басары, жер мунапысы боюнча комиссиянын төрагасы А.Б.Н. кармалган.

Ал кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен шектүү катары кармалды.

“Алсак, райондук мамлекеттик администрациясынын алдында  түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которушкан.

Бүгүнкү күндө тергөө тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдар аныктоо чаралары көрүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-rajonunun-akiminin-orun-basary-karmaldy



Добавить комментарий