Аламүдүн суусуна кызын куткарууга түшүп кеткен аялдын сөөгү табылып, наристе изделип жатат

19 июль 2023 11:12 565 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аламүдүн суусуна кызын куткарам деп артынан түшүп кеткен аялдын сөөгү табылып, наристе изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Бүгүн,  19-июлда  таң эрте Аламүдүн суусунда издөө иштерин улантуу максатында Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 22 куткаруучу чыкты.

Эскерте кетсек, 18-июлда  "12 каминов" эс алуу жайында  С. кызы К. аттуу кичинекей кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, кызын куткарам деп 1996-ж.т. А.Э. аттуу аял киши сууга түшүп кеткен.

“Кечээ куткаруучулар  аялдын сөөгүн таап, кичинекей кыз табылган эмес. Учурда издөө иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет”, -деп жазылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-suusuna-kyzyn-kutkaram-dep-artynan-tshp-ketken-ayaldyn-sg-tabylyp-nariste-izdelip-zhatat



Добавить комментарий